Кадыров Ысмайыл. Кыргыздын Гиннесс китеби. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2008. 216 б китебинен алынды

Биринчилер...

Шайлоо
  • Революцияга чейинки Россия Думасына депутаттыкка кандидат болгон 1-кыргыз – Төрөкул Жанузаков (1921-ж. 28 жашында каза болгон). Ал советтик классикалык көркөм чыгармада (Д.Фурмановдун 1923-ж. жазылган “Козголоң” романында) өзүнчө бир главада баяндалган жападан жалгыз кыргыз кулуну. Түркстан мамлекеттүүлүгүн түзүүдө чоң уюштуруучулук ролдо болгон. Түркстан Республикасынын Борбордук Аткаруу Комитетинин төрагасынын орун басары болуп иштеген. 1920-ж. сентябрда Бакуда өткөн Чыгыш элдеринин Ү конгрессин уюштуруучулардын бири болгон жана сөз сүйлөгөн.

  • Кыргыз ССР Жогорку Советине биринчи шайлоо 1938­ж. 25­июнда болгон. Биринчи болуп Фрунзе округунан И.Сталин, Нарын округунан Н. Ежов шайланган.

  • Мугалимдерден 1­болуп Кыргыз ССР Жогорку Советине 1947­ж. аксылык Сармат Качыкеев депутат болуп шайланган.

  • Республикадагы алгачкы референдум 1991­жылдын 17­мартында болгон бүткүл союздук референдум. Анда СССРди сактап калуу маселеси коюлган.

  • Кыргыз Республикасында 1­жолу эки палаталуу Жогорку Кеңешке шайлоолор 1995­ж. 20-февралда болуп, 28­мартта Жогорку Кеңештин 2 палатасы: Мыйзам чыгаруу жыйынынын жана Эл өкүлдөр жыйынынын 1­сессиясы ачылган.

  • Эгемендүү Кыргызстандын Шайлоо комиссиясынын 1-төрагасы – Ибраев Маркил.

Эл каттоо
  • Айрым маалыматтарга караганда кыргыздардагы эң биринчи эл каттоо жүргүзгөн Ормон хан болгон. Ал сарбагыштардын санын билүү максатында жигиттерин түтүнмө түтүн кыдыртып, куржундун бир көзүнө аялзатына ак, экинчи көзүнө эркектерге кара таш салдырткан. КРде өзүнчө мамлекет катары 1­улуттук эл каттоо 1999­жылдын 24­мартынан 1­апрелине чейин өткөрүлгөн.

  • 1897­жылдагы эл каттоодо Бишкекте 6615 адам жашаса, 1970­ж. 429 миң болуп, 1976­ж. 15­мартта шаардын калкы жарым миллионго жеткен.

  • Кыргызстандын калкы 2002-жылдын 27-августу күнү 5 миллионго толгон. Ушул күнү жубайлар Кенжебек Курамаев менен Бакбүбү Жапаровалардын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген наристе 5 миллионунчу болуп, ага президент улуу тилек менен Тынчтыкбек деген ат койгон.

Статистика
  • РСФСРдин курамындагы Түркстан Республикасынын статистика башкармасы 1920-ж. 29-мартта түзүлгөн. Ушул эле жылы Бишкек, Каракол жана Ош уезддеринде статистика бюролору түзүлгөн. 1925-жылдын аягында облустук статистика бюросу, 1926-ж. 29-апрелде Статистика комитети түзүлгөн. Республикада статистика кызматын баштагандар жана калыптанышына чоң салым кошкондор: Есипов Николай Семенович, Алымкулов Садык, Алмаев Талгат Масгутович, Олейник Андрей Карпович, Лапидус Борис Вениаминович, Полтавский Василий Трофимович, Дунаев Владимир Михайлович ж.б.

Бишкек шаары
  • Азыркы Бишкектин ордундагы “Бишкек чебин” 1825­ж. май айында Кокон ханы Мадали курдурган. 1854­ж. 24­январда Бишкек чебин алууга орус падышасы Александр ҮҮҮнүн көрсөтмөсү чыккан.

  • 1878­ж. 26­апрель-13­майда уезддик башкаруу Токмоктон Бишкекке көчүрүлүп, Бишкек Токмок уездинин борборуна айланып, шаар статусун алган.

  • Бишкек шаарын эң биринчи жашылдандыра баштаган адам – орус натуралисти, багбан Алексей Михайлович Фетисов. Ал 1881-ж. Анжиян кара жыгачын жана Европада өсүүчү жемиш бактарынын түрүн отургузуу менен баштаган бак адегенде Казыналык бак, кийин Каражыгач багы аталган. 1890-ж. отургузулган бактардын түрү 200гө, саны 80 миңге жеткен. Азыркы кезде анын аянты 200 гектардан ашык. Ал 1898-ж. Эмен паркын негиздеген, бакчылык мектебин түзгөн.

  • 1906-ж. Бишкекте 1-жолу өнөр жай товарын жана мал сатуу боюнча ярмарка уюштурулган.

  • Бишкектеги алгачкы кинотеатрлар – 1911-ж. француз кинофирмасы ачкан «Марс» жана «Метеор» чакан кинотеатрлары. 1914-ж. Эмен паркында ошол кездеги эң чоң «Эдиссон» кинотеатры ачылган. Республикада алгачкы оригиналдуу архитектурада салынган «Ала-Тоо» кинотеатры чоң жаңылык болгон. Адегенде «Авангард» деп аталып, Ж.Бөкөнбаевдин сунушу менен «Ала-Тоо» деп өзгөртүлгөн. Ал 1981-ж. тарых жана маданият эстелиги статусун алып, мамлекеттин коргоосунда турат.

  • Бишкектин көчөсүндө алгачкы автомобиль 1912-ж. жүрө баштаган.

  • Бишкектеги алгачкы 2 кабат үй шаар башчысы Терентьевдин үйү (азыркы дареги Эркиндик пр., 54).

  • Бишкектеги алгачкы парк – “Жылдыз” (азыркы И.В.Панфилов атындагы) 1924 – 26-ж. отургузулган.

  • Бишкектеги алгачкы ири базар – “Борбордук колхоз базары”. Ал 1929 – 84-ж. иштеген. Жалпы аянты 2 га. Шаардын борборунун планын ишке ашырууга байланыштуу 1984-ж. жабылып, анын ордуна Жеңиш аянты салынган.

  • Жөө адамдар жүрүүчү көчө боюндагы жолчолор (тротуар) 1-жолу Бишкекте 1932-ж. курулган. Ал Дзержинский (азыркы Эркиндик) жана Ленин (азыркы Чүй) проспектилеринде болуп, узундугу 360 метрге жеткен.

  • Алгачкы автобус Бишкекке 1934-ж. алып келинген.

  • 1937­ж. 13­декабрда Бишкек шаарынын алгачкы негизги планы түзүлгөн.

  • 1938-ж. Бишкекте 1-жолу ботаникалык бак уюштурулган. Аны профессор Е.В.Никитина, И.В.Выходцев, Э.З.Гареев негиздеген. Кийин ИА карамагына өткөн. 1-директору И.В.Выходцев.

  • Бишкектеги алгачкы механикалык семафор 1939-ж. Совет менен Киров, Ленин проспектиси менен Биринчи май, Москва менен Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишине орнотулган.

  • Бишкекте 1-троллейбус жолу (узундугу 8,4 км) 1951-ж. ишке берилип, 13-январда 1-троллейбус көчөгө чыккан. Ошол жылы 4 троллейбус каттаган. Алгачкы маршруту темир жол вокзалынан эт комбинатына чейин болуп, Совет, Сталин (азыркы Чүй) көчөлөрү аркылуу каттаган. Биринчи айдоочу Николай Тагильцев аттуу адам. Кыргыз кыздарынан биринчи айдоочу Загый Байбаракова, кыргыз айдоочулар Кыдыралы Туяков, Шакен Туралиев ж.б.. Ошол жылы 3 млн 200 миң жүргүнчү тейлеген.

  • 1957­ж. Бишкекте 1­универсал дүкөн ачылган.

  • Бишкекте жазуучулар үчүн курулган (1957-ж. 3-ноябрда алгачкы жашоочулары кирген) биринчи жана акыркы үй – Москва көчөсүндөгү № 41 үй. Бул үйдө залкар манасчы Саякбай, жазуучулар У.Абдукаимов, Р.Шүкүрбеков, А.Токтомушев, Ч.Айтматов, С.Эралиев, С.Жусуев, К.Акаев, М.Жангазиев, Ш.Бейшеналиев, О.Орозбаев, Н.Байтемиров, А.Айтбаева, С.Фиксин, А.Сальников, К.Каимов, Т.Абдумомунов, С.Шмеев, А.Токтакунов ж.б. жашаган жана окурмандарга кеңири белгилүү чыгармаларын жаратышкан. Айрымдары азыр да жашайт.

  • Бишкектеги алгачкы кичирайон – Ботаника массиви. Ал 1957 – 62-ж. жемиш багынын аймагында 1-кичирайон катары курулган. Аянты 54,6 га. Авторлору: архитекторлор Н.Карпенко, В.Грибова, М.Гулько.

  • Кыргызстандагы бирден бир эл аралык класстагы төрт жылдыздуу “Ак-Кеме” мейманканасы биринчи жолу Бишкекте 1996-ж. 17-майда ачылган.

  • Бишкек шаарынын гербинин автору - сүрөтчү Майрамкул Асаналиев.

  • Кыргызстан эгемендүү болгондон кийинки Бишкектин 1-мэри – Жумабек Ибраимов.

Майрамдар, салтанаттар
  • Кыргызстанда 1­майды майрамдоо 1917­ж. Ошто, Пишпекте, Кызыл­Кыя менен Сүлүктү көмүр кендеринде митинг, манифестацияларды өткөрүү менен башталган.

  • “Манас” эпосунун 1000 жылдык салтанаты 1995­ж. 25-31­августта болуп өткөн.

  • 2006-жылдын 24-мартында Элдик революциянын 1 жылдыгы майрамдалып, аскердик парад менен коштолгон.

  • 2002-ж. Ноябрда Бишкекте глобалдуу тоо саммити өткөрүлүп, ага дүйнөнүн 82 өлкөсүнөн 1 миңден ашык өкүл катышкан.

  • 2003-ж. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы белгиленген.

Сьезддер, курултайлар
  • 1922­ж. Бүткүл союздук Кеңештин 1­сьездине бүткүл кыргыз элинин өкүлү болуп катышкан адам - Абдыкерим Сыдык уулу.

  • 1919-ж. РКСМдин ҮҮҮ сьездине катышып, биринчи ирет В.И.Ленинди көргөн жана аны менен сүйлөшкөн 1-кыргыз – Жусуп Абдрахманов.

  • “Букара” союзунун 1-съезди 1917-ж. 9-сентябрда өткөн.

  • 1925-ж. дыйкан, батрак жана жумушчу аялдардын 1-сьезди өтүп, анда сабатсыздыкты жоюу, кыздарды комсомолго кабыл алуу, көп аял алуучулукка, калың төлөөгө каршы күрөшүү маселелери каралган. Ушул съездде бир топ аялдар компартияга өтүп, паранжыларын алып ташташкан, ликбездер ачылган Ага 100дөн ашык аял катышкан.

  • Кыргызстан колхозчуларынын 1­сьезди 1928­ж. 6-8­январда Бишкекте болуп өткөн. Ага Кыргызстандагы 34 колхоздон 36 делегат катышкан.

  • Кыргызстан жазуучуларынын 1-съезди 1934-ж. 21-апрелде болгон.

  • Кыргызстан кыз­келиндеринин 1­сьезди 1935­ж. 15-19­октябрда болгон. Ага 212 делегат катышып, жаштар, аялдар арасында абалды жакшыртуу чаралары боюнча А.Орозбековдун орун басары Туганбаева доклад жасаган.

  • Кыргызстан коммунисттик (большевиктер) партиясынын 1­сьезди 1937­ж. 5-16­июнда Бишкекте өткөн. Ага 241 делегат чечүүчү, 83 делегат кеңеш берүүчү добуш менен катышкан. Ал эми Кыргызстан Компартиясынын 1-17-съезддерине мамлекеттик ишмер Жамангул Тойгомбаев үзгүлтүксүз делегат болуптур.

  • Кыргызстан Лениндик коммунисттик жаштар союзунун 1-сьезди 1937-ж. октябрь айында өтүп, комсомол жаштардын саны 568 000 болгон. Кыргызстан ЛКСМдын алгачкы жооптуу секретары (биринчи катчысы) Алиев Осмонкул Игенбеавич (1925).

  • Мугалимдердин бүткүл кыргызстандык 1­сьезди 1939­ж. 15-17­августта болгон. Ал эми Кыргыз Республикасы болгондон кийинки мугалимдердин 1­сьезди 2000­жылдын 27-28­августунда өткөн. Ага 796 делегат катышкан.

  • Кыргызстан архитекторлорунун 1-съезди 1955-ж. 11-августта болгон.

  • Кыргызстан сүрөтчүлөрүнүн 1-съезди 1958-ж. 10-апрелде болгон.

  • Кыргызстан интеллигенциясынын 1­сьезди 1960­ж. 20-21­майда Бишкекте болуп өткөн. Сьездге 37 улуттун өкүлүнөн 916 делегат катышкан.

  • Кыргызстан театр коомунун 1-сьезди 1961-ж. 20-февралда болгон.

  • Кыргызстан ойлоп чыгаруучулар жана рационализаторлор коомунун 1-съезди 1963-ж. 23-августта болгон.

  • Кыргызстан жаратылышты коргоо коомунун 1-съезди 1964-ж. 28-ноябрда болгон.

  • Кыргызстан маданият кызматкерлеринин 1-сьезди 1968-ж. 22-майда болгон.

  • Кыргыздардын Бүткүл дүйнөлүк 1­курултайы 1992­жылдын 25-30­августунда Бишкек шаарында болгон.

  • Кыргызстан элдеринин 1­курултайы 1994­ж. 2­январда болгон.

  • Кыргызстандык врачтардын 1­курултайы 1998­ж. 26­октябрда Бишкекте болгон.

  • Ишкерлердин республикалык 1-курултайы 2000-ж. сентябрда болгон.

  • 2000-жылдын 29-сентябрында кыргыз илиминин тарыхында 1-жолу Кыргызстан илимпоздорунун 1-курултайы болуп өткөн.

  • КР инженерлеринин 1-сьезди жана көргөзмөсү 2001-ж. 22-23-ноябрда болгон.

  • КР токой кызматкерлеринин 1-курултайы 2002-ж. 19-сентябрда Бишкекте болгон.

Жаңы жылдык балаты
  • Алгачкы жаңы жылдык балаты кыргыз жергесинде 1882-ж. пайда болгон. Ошол жылы Талас өрөөнүнө Германиядан келип отурукташкан голландиялыктар жаңы жыл тосууга символикалуу түрдө жасалгаланган балатыны коюшкан. Ошентип, Нарын тоолорунан алынып кооздолгон балаты менен салтка айланган европалык стилде жаңы жыл тосуу алгач Таластан башталган.

  • Бишкекте ёлка коюп жаңы жылды тосуу биринчи жолу 1895­ж. 28­декабрда болгон. Ага 200 бала катышкан.

  • Президенттик 1­ёлка 1992­ж. декабрдын аяккы күндөрүндө болгон. Бишкек шаарынын тургуну Вера Васильевна Воробьеванын үйүнүн түбүндө 50 жыл бою өсүп турган ёлка жаш мамлекеттин жаңы салтын баштоого себепкер болгон. Жыл сайын өтүүчү студенттик балл жаңы жылдык кечесинин таржымалы ошондон башталган.

Китепкана
  • Кыргызстандагы алгачкы элдик китепкана 1902-ж. 14-майда Караколдо ачылган. Китеп фондусу 1000 китеп болгон.

  • 1916-ж. 15-июлда Бишкекте коомдук китепкана ачылган.

  • Республикадагы алгачкы балдар китепканасы 1934-ж. 27-сентябрда иштей баштаган. Китепкана фондусу 4 миң нуска китептен турган.

  • Биринчи республикалык китепкана 1934-ж. 10-майда Бишкек борбордук шаардык китепканасын жана Совнаркомдун (илимий) китепканасын бириктирүү менен түзүлгөн. 1934-ж. августта китепкананын ачылышы болгон. 1938-ж. анын китеп фондусунун базасында Н.К.Крупская атындагы Борбордук шаардык жана Мамлекеттик китепканалар түзүлгөн.

Саламаттык сактоо
  • Кыргызстанда 1913-ж. 78 орундуу 4 шаардык (Пишпек, Токмок, Каракол жана Ошто), 22 орундуу 2 айылдык оорукана ачылган.

  • 1924-ж. декабрда Кара-Кыргыз облустук саламаттык сактоо бөлүмү уюшулган.

  • 1925-ж. Бишкекте 1-төрөт үйү (20 орундуу) ачылган.

  • 1928-ж. Бишкекте 1-медициналык мектеп (техникум) ачылган.

  • Республикалык диагностикалык борборду түзүүгө 1988-ж. чечим чыгып, алгачкы пациенттерин 1990-жылдын февралынан кабыл ала баштаган.

  • Кыргызстандагы алгачкы фармацевтикалык завод – «Айдан Фарма». Аны Кыргызстан-Пакистан биргелешип 4 жыл ичинде куруп бүткөн. 1977-ж. декабрда ишке берилген.

Билим берүү
  • Кыргыз жергесиндеги алгачкы мусулман медреселери Караханийлер доорунда (10 – 12-к.) ачылган.

  • Алатоодогу тунгуч агартуучу акын Нурмолдо Наркул уулу (1838-1920) болгон деп далилдейт профессор С.Байгазиев.

  • Кыргызстандагы алгачкы башталгыч мектеп Караколдо 1874-ж. ачылган.

  • Бишкектеги алгачкы башталгыч мектеп – приходдук окуу жайы 1879-ж. 31-октябрда ачылган.

  • Кыргызстанда 1-орус-жергиликтүү (тузем) мектеби 1887-ж. 15-январда Ошто ачылган.

  • Чүй өрөөнүндөгү алгачкы башталгыч мектеп – “Дүрдүн мектеби”. Ал мектепти ачууга жана салууга Сооромбай уулу Дүр демилгечи болгон. Мектеп расмий түрдө Тынай орус-жергиликтүү мектеби аталып, 1899-ж. Токмок шаарынан 6 – 7 км чыгышта, Ысыккөлгө кетчү чоң жолдун боюна, азыркы Сайлык айылына салынган. Анда Атаке, Сарыбагыш, Шамшы жана Тынай болуштуктарындагы карапайым элдин балдары окуп, адеп ачылганда 60 кыргыз бала кабыл алынган. Бул мектептин имараты 1990-жылга чейин мектеп катары пайдаланылып, 1990-ж. музейге айландырылган.

  • Кыргызстандагы орто билим берүүчү алгачкы окуу жайы – Бишкек эркек балдар гимназиясы 1912-ж. 12-декабрда ачылган.

  • Кыргыз жаштарын билимге тарткан алгачкы жогорку билимдүү окутуучу, Олуя-Ата уездинин 1915-1918-жылдардагы тилмечи – Жумагулов Алымкул (1893 - 1938).

  • Уфа шаарынан «Галия медресесин» бүткөн Ишенаалы Арабаев Тоңдун Төрткүл айылында 1914-ж. Европа тибиндеги биринчи мектепти уюштурган.

  • 1919-ж. февралда Пишпек уездинин Канай болуштугунда кыргыз балдары үчүн мектеп ачылган.

  • Нарын өрөөнүндө 1-болуп чыгыш архитектурасынын үлгүсүндө медресе куруп (азыркы Учкун айылына жакын Карабулуң деген жерге) тегине карабай бала окуткан Касымаалы ажы болгон. Ал медреседе балдарды Казандагы Галия Бану жогорку медресесин бүткөн Касымаалы уулу Айдараалы, Ажы-Агыбай молдо, аалым Тайыр Кары окуткан.

  1. Кадыров Ысмайыл. Кыргыздын Гиннесс китеби. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2008. 216 б китебинен алынды (2)

    Документ
    Урматтуу окурман! Кыргыз Республикасынын эгемендүү мамлекет катары өзүнүн тарыхы, өзгөчөлүктөрү бар. Ошондуктан дүйнөлүк Гиннесс китеби сыяктуу Кыргызстандын дагы рекорддор китебин (өзгөчө, эң чоң, эң көп, эң узун ж.

Другие похожие документы..